Кылмыш-кырсык

Бишкекте темир эритүүчү цехтен ири өрт чыкты

Бишкекте ири өрт кырсыгы катталып, 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, Ленин районунун Чыңгыз Айтматов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ленин заводунун аймагындагы темир эритүүчү цехтен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Штаб жана ККББдан ыкчам топ тартылды.

Мындан сырткары, Бишкек шаардык суу чарба башкармалыгынан 1 бригада тартылган.

Өрт саат 07:23тө чектөөгө алынган.

Алдын ала маалымат боюнча өрттүн болжолду аянты 500 м2. Жабыркагандар жок.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button