2022-жылдын 24-мартында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Борбордук айылында кызмат өтөп жаткан КР УКМКнын чек ара кезмети Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте Hyundai-Porter үлгүсүндөгү унааны складтардын биринде пластмасса жүктөрү менен аныкташкан.

Териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн автоунааны чек ара заставасына айдап баруу чечими кабыл алынып, кампанын ээси автоунааны айдап бара жаткан, аны КР УКМКнын Чек ара кызматынын эки аскер кызматкери коштоп бара жаткан.

Арка-Борбордук айылына жакын жолдон Тажик Республикасынын 15-20 жараны чогулган жерде айдоочу унаасын токтотуп, качып кеткен. Тажикстандын жарандары КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин кармоого аракет кылышкан.

Hyundai-Porter үлгүсүндөгү автоунаанын артынан келе жаткан Кыргызстандын «Жаңы Жер» чек ара заставасынын башчысы аскер кызматкерлерин жана курал-жарактарды басып алуунун алдын алуу максатында бир нече жолу эскертүү иретинде асманга ок чыгарууга аргасыз болгон.

Тажикстандын жарандары КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин кармай алышкан эмес, бирок алар Калашников автоматынын 1 даанасын ок-дарысы жок жана 1 радиостанцияны алып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Чыр-чатактын ырбап кетишине жол бербөө максатында Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарындагы чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда токтоосуз телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жакынкы аралыкта жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынып, анда тажик тарап автомат жана радиостанцияны тапшыра турган болду.

2022-жылдын 24-апрели саат 18:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлөт.