Орозо айы быйыл 2-апрель күнү башталат. Бул тууралуу Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын дин башкармалыктары биргеликте чечим кабыл алганын Казакстандын муфтияты маалымдады.

“Наиб муфтий, фатва жана шариат бөлүмүнүн башчысы Сансызбай Курбанулы быйыл орозо 2-апрелде башталарын билдирди. Мындай биргелешкен чечим Өзбекстан жана Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыктары менен макулдашылган”, — деп айтылат маалыматта.

Рамазан айы 30 күнгө созулат, 2-май — Орозо айт. 27синен 28-апрелге караган түнү кадыр түн болушу мүмкүн.

Кыргызстандын муфтиятынан азырынча так датасы белгилүү боло электигин, маалыматты бир аздан соң беришерин айтты.