Өлкөдөгү электр энергиясын бөлүштүрүүчү бир катар компаниялар «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсына кошулат. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-мартта «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта акционерлердин кезексиз жалпы жыйыны өткөрүлүп, жыйынтыгында күн тартибиндеги төмөнкү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.

«Түндүк электр» ААКтын, «Чыгыш электр» ААКтын, «Ошэлектр» ААКтын жана «Жалалабатэлектр» ААКтын «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтына бириктирүү түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошентип, «Түндүк электр» ААК, «Чыгыш электр» ААК, «Ошэлектр» ААК жана «Жалалабатэлектр» ААКты «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсына бириктирүү боюнча келишимдер бекитилди.