Бишкектеги No2 клиникалык көп тармактуу ооруканада (мурдагы No6 шаардык клиникалык оорукана) оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Исманкуловдун жеке көз микрохирургиялык клиникасы жайгашкан экинчи имараттын фасады оңдолот.

Башкармалык оңдоо иштери 10-15 күндүн ичинде бүтөөрүн күтүүшүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жеке клиникага борбор калаанын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнөн ижара келишимин бузуу тууралуу билдирүү келип түшкөнүн, бирок ушул убакка чейин ижарачы муниципалдык талаптарды аткара электигин эске салды.

«Бул имарат неврологиялык, терапиялык жана кардиологиялык бейтаптарды кабыл алуу үчүн керебеттердин санын көбөйтүү үчүн керек, анткени шаардын калкы үчүн учурдагы керебеттер жетишсиз болгондуктан, бейтаптар профили боюнча ооруканага жаткыруу үчүн көпкө күтүүгө аргасыз болушат ”, — деп белгилешти.