Коом

Депутаттар таштанды полигонуна барышты

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештеги «Элдик» топтун депутаттары Бишкек санитардык полигонуна барышты.

Алар борбор калаадагы таштанды маселесин чечүү тууралуу көчмө жыйын өткөрүшөт.

Бишкек шаарынын сыртындагы таштанды полигонунун маселеси чечилбей келе жатканына көп жыл болду. 2013-жылы Европа оңдоп-түзөө жана өнүктүрүү банкынын «Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоорунун алкагында, жарактан чыккан эски полигонду бузуп, анын ордуна жаңы полигонду ишке киргизүү колго алынып, керектүү жабдууларды жана башкаларды сатып алуу үчүн аталган банк 22 млн евро бөлүп берген. Бирок жаңы таштанды жайын салуу маселеси аягына чыга элек.

Булак: Марал радиосу

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button