«Kadam-media.kg» маалымат порталына курулуп жаткан Балыкчы-Кочкор темир жолу тууралуу саясатчы жана коомдук ишмерлердин пикирин угуп көрдүк.
Коомдук жана саясий ишмер «Адилеттүү Кыргызстан» партиясынын лидери, ишкер Эльдар Абакиров курулуп жаткан темир жол, Кытай-Кыргызстан жолуна кошулса жакшы болот деген оюн билдирди.
«Балыкчы-Кочкор темир жолунун Ат-Башыга чейин барып кошулса Кытай Кыргызстан темир жолго, анда жакшы болот. Тупиковый узун темир жол куруу рентабилдуу болбойт», — дейт ишкер.
Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов Балыкчы-Кочкор темир жолу бул – чоң жетишкендик, мыкты башталгыч деп эсептейт.
«Кыргызстан – эгемендүү мамлекет болгондон бери бир дагы жолу темир жол салган эмес. Ошондуктан, Балыкчы-Кочкор темир жолу бул — чоң жетишкендик, мыкты башталгыч. Бирок, экономикалык жактан көз карандысыз болуп калдык дегенден алысмын. Негизи, Кыргызстан үчүн өнүгүүгө алып бара турчу жол – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу. Ал эми курулуп жаткан бул темир жолу түндүк менен түштүктү байланыштырып, экономикалык жактан көз карандысыздыкка алып барат», — дейт эл өкүлү.
Эске салсак, 31-мартта президент Садыр Жапаров Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берген. Президенттин айтымында, келечекте түндүк-түштүк темир жолу курулат. «Кудай буюрса, өз күчүбүз менен Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун кура баштадык. … 30 жыл ичинде республикабызда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче 42 километр жолубузду жоготуптурбуз», — деген мамлекет башчысы.