Саясат

Нурбек Сыдыгалиев: Балыкчы-Кочкор темир жолу соӊуна чыкса көмүрдүн баасы бир топко төмөндөйт

Жогорку Кеңештин депутаты  Нурбек Сыдыгалиев  «Kadam-media.kg» маалымат порталына курулуп жаткан Балыкчы-Кочкор темир жолу тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, Кара-Кечеден Бишкекке, Чүй аймагына түз вагондор менен келип, жол чыгымы арзандап, көмүрдүн баасы бир топко төмөндөйт.

«Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышы — бул Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки биринчи жолу болуп жаткан жол курулушу деп айтсак болот. Долбоор мамлекеттин өзүнүн күчү менен башталды. Балыкчы-Кочкор 63 км, андан ары Кара-Кечеге чейин жеткирүү 186 км. пландалып жатат. Темир жол аяктаса, бул ириде Бишкек шаарынын тургундарына жарыгы тийе турганын белгилегим келет. Учурда, Кара-Кечеден Балыкчыга жүк ташуучу унаалар менен көмүр ташылып, андан бери Бишкекке вагондор менен жеткирилет. Жол соӊуна чыкса Кара-Кечеден Бишкекке, Чүй аймагына түз вагондор менен келип, жол чыгымы арзандап, көмүрдүн баасы бир топко төмөндөйт. Ошондой эле Бишкек ТЭЦин көмүр менен камсыздоого жол ачылат.

Эң негизгиси Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Эпкин-Дыйкан участогундагы жаңы жол курулуп бүтсө,жүк ташуучу унаалар өтпөй,жол бузулбайт. Анткени былтыр  эле Кара-Кечеден Балыкчыга чейин 2 млн. көмүр ташылган. Демек, болжол менен бир жыл ичинде 80 миңден кем эмес жүк ташуучу унаалар өтүп келген.

Айрым сынчылар, “Акаевдин убагында деле башталып, бирок аягына чыккан эмес” деп айтышууда. Мен бул долбоордун аягына чыгуусуна көзүм жетет жана ишенимим чоӊ.
Президент Садыр Нургожоевич көп тармакта реформаларды кылып, кадр саясатын жолго салууда. Мен билгенден, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси дагы алмашкан. ММКлардан жетекчилик алмашкан 9 айда көп реформалар, ийгиликтер болгонун окудум. Мисалы, “Кыргыз темир жолу” өзүнүн каражатына жүк ташуучу 100 даана вагон, 20 километр рельс, 20 000 темир бетон шпалдары сатып алыптыр. Чынын айтыш керек, мурда мындай ийгиликтер болгон эмес. Тескерисинче, “Кыргыз темир жолунун” айланасында “уурдаптыр, жептир, камалыптыр” жеген коррупциялык схемалар гана айтылчу. Мына жылыш болуп жатат, “Кыргыз темир жолу” ийгиликтерин көрсөтүп, далилдеп жатат. Ошондуктан, Балыкчы-Кочкор темир жолу буюрса өз мөөнөтүндө бүткөрүлөт деген ишенимим чоӊ.», — дейт эл өкүлү.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button