Германиянын тургуну ылдамдыкты жогорулатканы үчүн айып пул каты салынган конверт алган. Кызыгы документке анын рулда отурган итинин сүрөтү тиркелген. Бул тууралуу Dodo жазат.

Ал киши почта ящигинен айып салынган конверт алганын аны ачып, таң калганынан айтат. Буга айыптын суммасы эмес (болгону 50 евро), жол эрежесин бузган учурдун жол кыймылын көзөмөлдөөчү камерага тартылган сүрөтү себеп болгон. Сүрөттө анын үй жаныбары унааны айдап баратканы даана көрүнүп,  ит жолду кылдаттык менен карап, адамдын жардамысыз айдап бараткан.

Окуянын кандай болгонун иттин ээсинин жээни түшүндүрдү. Анын айтымында, ал көбүнчө жаныбарды унаага салып  байлап койчу. Бирок ошол күнү ал муну унутуп калып, ит анын кучагына секирип астына отуруп алат. Ит ээсинин астында бир нече секунд гана отурганына карабастан коопсуздук камерасына түшүп калганга үлгүргөн.