Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкөнүн китепканаларына китептерди сатып алуу боюнча тендер өткөрдү. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Сатып алуунун суммасы 5 миллион сомду түздү. Тендерди «Улуу Тоолор» ЖЧКсы утуп алган.

Министрликтин билдирүүсүндө кыргыз тилиндеги классикалык китептерден тышкары, чет элдик бестселлерлер дагы алынары айтылат.

Өтүнмөлөрдүн тизмесинде Байдылда Сарногоев, Рустам Абилов, Зуура Сооронбаеванын китептери, ошондой эле Алыкул Осмонов, Кен Робинсон, Рубен Дэвид Гонсалес Галлего, Игорь Бунич которгон Джовагноли Раффаэлло, Шота Руставелинин китептери бар.