Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө старт алды.

Азия чемпиондугуна 77 килограмм салмакта катышкан Акжол Махмудов финалга чейин жетип, анда коңшу казакстандык Максат Ережепов менен кез келди.

Жыйынтыгында Акжол Махмудов 3:1 эсебинде жеңишке жетти.

Муну менен Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта экинчи ирет Азия чемпиону аталды.

Эске салсак, Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтүүдө.