Спорт

Улан-Батор: Мээрим Жуманазарова Азия чемпиондугунун жарым финалына чыкты

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча  Азия чемпиондугунун жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мээрим Жуманазарованын 68 кг салмакта алгачкы атаандашы Азия чемпионатынын эки жолку коло медалынын ээси казакстандык Мадина Бакбергенова болду. Күрөш башталганда эле Жуманазарова күчтүүгүлүн көрсөтүп, бир-эки упайдан алып жатып, каршылашын 5:0 эсебинде утту.

Мээрим Жуманазарова экинчи айлампада түштүк кореялык балбан Сужин Пак менен кез келип, биринчи бөлүк 4:0 эсебинде Мээрим Жуманазарованын пайдасында аяктады.

Экинич бөлүктө Мээрим Жуманазарова дагы 6 упай алып, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти. Муну менен Мээрим Жуманазарова Азия чемпиондугунун жарым финалына чыкты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button