Кылмыш-кырсык
Алай районунда эки айылды сел каптады
Алай районунун эки айылын сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 25-апрелде саат 09:00дөр чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген суулар Тогуз-Булак жана Биринчи май айылындарындагы турак үйлөрдүн короосун, ички-чарбалык жолду каптаган.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө Алай районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.