Биринчи Май районунун акимиятынын демилгеси менен «Илбирс» имаратынын фасады жаңыланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабаралады.

Маалыматка караганда, фабриканын жетекчилиги бул демилгени колдоого алып, өз каражатына фасадды оңдоп жатат.

“Келишим боюнча объектте подрядчы «АльпМонтаж» ЖЧКсы иш алып барууда.

Борбор калаанын муниципалитети “Илбирс” ишканасынын жетекчилигине борбордун көрүнүшүн жакшыртууга көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирет”, — деп айтылат билдирүүдө.