Коом

Ысык-Ата районунда «акылдуу» күнөскана курулду

Ысык-Ата районунда «акылдуу» күнөскана курулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев жана жашылчалар боюнча кластердик бирикменин жетекчиси Манас Белошаров кластердик бирикменин жаңы катышуучусуна — «In Water Solutions Agro» ЖЧКнын жашылча жана кулпунай чыгаруучу компаниясына барышты.

Түштүк Кореянын өкүлдөрү менен биргеликте жаңы технологияларды колдонуу менен курулган «акылдуу күнөскана» 5,3 га аянт жерди ээлейт.

Мында 4 га аянтка бадыраң, 0,4 га аянтка кулпунай, 0,4 га аянтка помидор, 0,3 га аянтка көчөттөр жана 0,2 га аянтка аквапоника эгилген.

Ошондой эле ачык жерге 14 гектар жерге картошка, 17 га жүгөрү жана 15 га арпа сыноого себилген.

Министрдин орун басары күнөскана продукциясын өстүрүү шарттарына, анын ичинде тамчылатып сугаруу, суюк жер семирткичтер жана гидропоникага өзгөчө көңүл бурду. Кластердик бирикменин жетекчиси, өз кезегинде, катышуучулар үчүн критерийлердин бири- компаниянын фермерлер менен тыгыз кызматташтыгы, тажрыйба алмашуу жана жаңы технологияларга окутуу жүргүзгөндүгүн белгиледи.

Азыркы учурда бул жерде 80ден ашык адам эмгектенет, кадр жетишпестиги агрардык университеттер менен сүйлөшүлүп жатат.

«Ал эми түшүм жөнүндө айта турган болсок, помидор кызыл, сары, ал тургай, кара түстө дагы өстүрүлөт, аябай даамдуу жана ширелүү. Уруктар Түштүк Кореядан алынып келинген», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button