Баткен облусунан чыккан  Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков жөнүндө хронометражы 50 мин болгон даректүү фильмдин бет ачары өткөрүлөт. Бул тууралуу тасманын режиссеру  Алим Токторов билдирди.

Анын айтымында, Самат Садыковдун  100 жылдыгына карата 2020-жылы бүткөрүү пландалып, пандемиядан улам токтоп калган.

“Бул фильм Улуу Ата мекендик согушта 1945-жылдын 1-майында  кан майданда курман болгондон кийин берилген мамлекеттик эң жогорку наам 15 жылдан кийин ата мекенине билинген  Самат Садыковдун  100 жылдыгына карата 2020-жылы бүткөрүү пландалып, бирок өлкөбүздө болгон пандемия жана башка себептер менен эми аяктап олтурат.

Бул фильм чек арада жашаган Баткен элинин демине дем кошуп, ата-мекенине, эл-жерине болгон сүйүүсү ого бетер артаарына жана жаңы муунду атуулдук сезимге тарбиялоодо зор кызмат кылаарына ишенем.

Фильм “Кыргызфильм” киностудиясынын жана  демөөрчүлөрдүн жардамы менен бүткөрүлдү.  Колдоо көрсөткөн бардык мекендештерге ырахмат айтып ыраазычылык билдирем”, — дейт  Токторов.

Фильмдин бет ачары 2022-жылдын:

1)  4-май  Бишкек шаары, Тарых музейинин кино залы, башталышы :16:00;

2)  7-май Сүлүктү шаары, Маданият сарайы, башталышы: 15:00;

3)  8-май Раззаков шаары, Кинотеатры, башталышы: 11:00;

4)  9-май Баткен шаары, Октябрь Кинотеатры, башталышы: 14:00.