Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Жогорку руханий баалуулуктардын — гуманизмдин, кайрымдуулуктун, боорукердиктин жана адеп-ахлактык тазалыктын символу болгон бул жаркын майрам бүткүл мусулман коомчулугунда өз ара урматтоону жана түшүнүүнү, ынтымакты жана тынчтыкты чыңдоого жардам берет деп терең ишенем», — деп айтылат Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосунда.

Түркмөнстандын Президенти Президент Садыр Жапаровго бекем ден-соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстан элине — тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.