Бишкек шаардык мэриясы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 77 жылдыгын майрамдоого карата мерчемделген иш-чаралар тууралуу кабарлады.
Ага ылайык:
4-майда Дайыр Асанов атындагы сейил багында митинг-реквием, ардагерлерге арналган концерт болот.
5-май күнү «Жеңиш ырлары» унаа жүрүшү өтөт.
7-май күнү Чүй кең көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги баатырлар аллеясында курман болгон жоокерлердин эстелигине гүл коюу аземи орун алат.
Ал эми 9-майда түштө гала-концерт, ошондой эле «Өчпөс оттун» жанындагы Жеңиш аянтында майрамдык иш-чаралар уюштурулат.
Белгилей кетсек, өлкөдө акыркы эки жылы 9-майда параддар жана башка иш-чаралар коронавирус пандемиясына байланыштуу өткөрүлгөн эмес.