Коом

Оштогу массалык уулануу. Ооруканада 14 бала дарыланууда

Учурда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 14 бала жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, бардыгынын ден соолугунун абалы канааттандырарлык.

«Кайра анализден өткөндөн кийин, алар участкалык дарыгердин көзөмөлү астында үйлөрүнө кетүүгө уруксат берсе болот. Калган жарандар медициналык процедуралардан кийин бир күн мурун үйлөрүнө чыгарылды», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Жарандардын ууланганы тууралуу маалымат чыккандан кийин мэриянын тапшырмасы менен Карасуу районунан келген «Сахобат» кондитердик цехинин азыктары сатылып жаткан дүкөндөргө текшерүү жүргүзүлүп, бирок жеткирүүчүлөр бардык продукциясын сатыктан алып салышкан.

Маалым болгондой, кырдаал Ош шаардык мэриясынын көзөмөлүндө.

Эске салсак, Ош шаардык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ош облусу боюнча кызматтын ишин координациялоо функциясына ылайык, бир күн мурун “Сахобат” кондитердик азыктарынан ууланган жарандардан стафилококк инфекциясы аныкталган.

Учурда аталган кондитердик цехтин иши убактылуу токтотулган. Бул кондитердик цехтен 5 миң коробкага жакын торт алынган. Анын ичинде Ош шаарында 1 миң, Кара-Суу районунда 4 миң куту.

Бардык кармалган продукциялар боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Үй ээсине 7,5 миң сом айып салынган. Бул боюнча уулануу фактысы менен тергөө иштери уланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button