Жумгал районундагы Арал – Миң-Куш унаа жолуна түшкөн жер көчкү тазаланып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1-май күнү саат 15:00 чамасында Арал – Миң-Куш унаа жолунун 20-чакырымында (Кызыл-Сөөк тилкесинде) 2014-жылы түшкөн жер көчкү кайрадан активдешкен.

Жалпы болжолдуу көлөмү 15000 м3 болуп, Миң-Куш дарыясын жарымын басып калган.

Анын айынан суунун денгээли көтөрүлүп, унаа жолдун болжол менен 35-40 метр аралыгын жеп кеткен.

Унаалардын өтүүсүнө кооптуу абал пайда болгонуна байланыштуу жол убактылуу жабылган. Кечээ, 3-май күнү жол бир тараптуу ачылган.