Манасчы, “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин директору Дөөлөт Сыдыков жумушун таштап, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду. Бул тууралуу жергиликтүү агенттиктер жазды.

Ал “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин чуусунан улам жумушун өткөрүп берип, үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен. Азырынча кайсы өлкөгө чыгып кеткени белгисиз.

Эске сала кетсек, буга чейин “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин жерине кызыккан топ пайда болгонун айтып, аталган комплекстин директору, залкар манасчы Дөөлөт Сыдыков кайрылуу жасаган.

Андан көп өтпөй, залкар манасчыны басып алып жаткан топ кысымга алып, коркутуп жатканын айтып чыккан.

Буга байланыштуу президенттин маалымат кызматы комплекстин жер тилкеси президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасына таандык экенин билдирип, ал жайгашкан жердин беш сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатканын айткан. Бирок, 5 сотых эмес, андан көп жерди алып жатышканын Сыдыков билдирген.