Министрлер кабинетинде кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмени Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, Кыргыз Республикасынын коңшу мамлекеттер менен мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев өткөрдү.

Жыйынга кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын туруктуу мүчөлөрү катышты.

«Өкмөттүк делегациянын иши Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын эске алуу менен жүргүзүлүүдө. Коңшу мамлекеттердин делегациялары менен туруктуу негизде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.» —  деди К.Ташиев.

Жолугушуунун жыйынтыгында Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын делегациясынын мүчөлөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.