Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигинин тапшырмасы менен милиция кызматкерлери бул ирет Искра айыл өкмөтүнүн  Искра, Кара-Дөбө айылдарынын жашоочулары, мектеп окуучулары менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууга барган тартип сакчылары жарандарга  ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун  ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн  2022-жылдын  1-чейрегиндеги  жыйынтыгын чыгаруу боюнча коллегиясында койгон талаптарын жеткирип, калк менен ишенимдүү мамиле түзүү, элдин көйгөйүн жеринен чечүүгө көмөктөшүү милициянын башкы тапшырмаларынын бири экендигин билдиришти. Милиция кызматкерлери менен бирге Чүй РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери барышып, калк арасында болуп жаткан көйгөйлөргө кеңештер берилип,  калк арасындагы юридикалык, социалдык багыттагы муктаждыктарга жеринен жардам көрсөтүлдү.  Ошондой эле иш-чара учурунда айыл тургундарына мал жандыктарына сак болуу, коопсуздугун камсыздоо максатында сарайлардын эшик терезелерин торлоо, эшиктерине кулпу салуу боюнча кеңештер берилди. Андан тышкары негизги тапшырмалардын бири болгон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгын калк арасына туура жеткирүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Искра жана Кара-Дөбө айылдарына барган милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга маркумду акыркы сапарга узатуу зайнатында, үйлөнүү-үлпөт тойлорунда, маареке майрамдарын майрамдоодо ысырапкорчулукту болтурбоо керектигин эскертишип, куру намысты токтотуу учурдун талабы экендигин белгилеп өтүштү.

Калк менен ишенимдүү мамиле түзүү,  айыл тургундарына коом үчүн маанилүү болгон маалыматтарды туура жеткирүү жана  ар кандай түшүнбөстүктөрдү, кылмыштуулукту жана укук бузууларды  алдын алуу максатында милиция кызматкерлери Чүй районундагы ар бир айылды кыдырышууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы