ИИМдин демилгеси менен  турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүн талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуу форматындагы тегерек стол өттү.  Тегерек стол ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиевдин жетекчилиги алдында өтүп, Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын, Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын, Улуттук банктын, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын, «Ак-Босого» турак жай-сактык кредиттик компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле жарандык активисттер катышты. Андан тышкары «Келечекке бир кадам», «Ибадат», «Мурас», «АИС Үй», «Бест Вей Элет», «Ансар», «Биринчи турак жай», «Ихсан» жана башка коммерциялык эмес турак жай кооперативдеринин 20га жакын өкүлдөрү дагы катышты.

Иш-чара диалог аянтчасын түзүү, турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүнө тиешелүү актуалдуу маселелер боюнча сунуштарды талкуулоо максатында өткөрүлдү.  Анткени акыркы мезгилде жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда бул коммерциялык эмес бирикмелердин ишмердүүлүгү кеңири талкууланып жатат, мындан тышкары укук коргоо органдарына жарандар тарабынан кайрылган фактылар көп болууда.

Өткөрүлүп жаткан иш-чара мыйзамдуулуктун бузулушун өз убагында алдын алууга, жарандардын укуктарынын сакталышына көзөмөлдү камсыздоого багытталган.

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар бардык пикирлерди угушуп,  ар кандай сунуштарды айтышты. Бул чөйрөдөгү мыйзам бузууларды алдын алуу максатында турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүн укуктук жөнгө салуу көйгөйлөрүн комплекстүү изилдөө зарыл экендиги белгиленди.

Тегерек столдо катышуучулар тарабынан  жарандардын турак жай көйгөйүн чечүү азыркы учурда мамлекеттин эң маанилүү милдеттеринин бири экендиги белгиленип,  мамлекеттик кредиттөө программасы башталганы айтылды.  Ошол эле учурда бир нече жыл мурда турак жай кооперативдери түзүлө баштаган, бирок алардын ишинде айкындуулуктун жана ачыктыктын жоктугу каралып, турак жай сатып алууга арналган аманатчылардан чогултулган акча каражаттары кепилдиктер менен бекемделген эмес.

Учурда жарандардын келип түшкөн арыздарга байланыштуу кылмыш иштери ачылып, жабыркагандардын саны 198 адамды түзүп, жалпы материалдык зыян 121 миллион сомдон ашык болууда.  Мындай фактылар олуттуу тынчсызданууну жаратпай койбойт. Ошондуктан, бул маселерди тереңден изилдөө максатында ИИМ тарабынан тегерек стол уюштурулуп,  бул иш-чаранын катышуучуларына 2022-жылдын башынан тартып (январдан 26-апрелге чейин) кыймылсыз мүлк рыногунда турак жай кооперативдеринин жүргүзгөн иштеринде аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча ички иштер органдары тарабынан 130 ашык кылмыш иши козголуп,  37 кылмыш иштери боюнча тергөө иштери аяктап, соттун кароосуна жөнөтүлгөнү маалымдалды.

ИИМдин Тергөө кызматынын өкүлдөрү бир нече турак жай кооперативдеринде мыйзамдуулукту бузуу фактылары боюнча жүргүзүлүп жаткан иликтөөлөр жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле турак жай кооперативдеринин ишине мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөндүгү жана бул иш Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөндүгү жөнүндө маалымдашты.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бүгүнкү күндө турак жай кооперативдери жогорку тобокелдиктердин критерийине туш болушканын белгилей кетишти, мындан тышкары алар тарабынан коммерциялык эмес уюмдардын иши боюнча ар кандай маселелер каралды.

Жарандык активисттер ИИМдин актуалдуу маселелерди биргелешип талкуулоо боюнча демилгесине оң баа беришип, мындай диалог зарыл экендигин, мамлекеттик органдар кандайдыр-бир жол менен көзөмөлдү ишке ашырып, процессти туура нукка бурушу керектигин белгилешти.

Тегерек столго катышкан коммерциялык эмес бирикмелердин өкүлдөрү тарабынан жаңы турак жай кооперативдерин түзүүгө убактылуу мораторий киргизүү, иштеп жаткан ТЖКнын финансылык ишин текшерүүнү сунушташты, ссуда-аманат турак жай-курулуш кассалары жөнүндө 2013-жылы жокко чыгарылган убактылуу жобону калыбына келтирүү боюнча дагы сөздөр айтылды. Ошондой эле, бир катар маселелер каралып, анын ичинде коммерциялык эмес бирикмелер тарабынан иштелип чыккан турак жай кооперативдери жөнүндө мыйзам долбоорун сунуш кылышты.

Тегерек столдун катышуучулары Ички иштер министрлигине диалог аянтчасын түзүү жана оор маселелерди көтөрүү жана талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти. Маселелерди талкуулоо үч жарым саатка созулду.

Тегерек столдун ишинин жыйынтыгы менен демилгелүү сунуштарды иштеп чыгуу максатында мындан ары өз ара аракеттенүүнүн жолдорун жана формаларын аныктоо, анын ичинде маалыматтык ачыктыктын деңгээлин жогорулатуу боюнча турак жай кооперативдеринин ишин көзөмөлдөөчү органдын зарылдыгы жөнүндө маселени көтөрүү сунушталды.

Бардык келип түшкөн сунуштар мындан ары дагы каралат.

Сиздердин назарыңыздарга турак жай-курулуш кооперативдеринин ишмердүүлүгүн талкуулоо боюнча тегерек стол жыйынынын фрагменттерин, ошондой эле катышуучулардын сүйлөгөн сөздөрүнүн жазууларын сунуштайбыз.

ИИМдин Басма сөз кызматы