Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, төмөндө Мамытовдун куттуктоосунун тексти:

«Кадырлуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктагы эмгектин ардагерлери!

Ардактуу мекендештер!

Сиздерди Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан 9-май – Улуу Жеңиш майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Улуу Жеңиш майрамы каармандыктын жана тайманбастыктын үлгүсү катары тарых бетинде түбөлүккө кала берет. Анткени, аталарыбыз көп улуттуу мамлекеттин бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн күрөшүп, кан күйгөн согушта каармандык көрсөтүшкөн. Тилекке каршы Улуу Ата Мекендик согуш көп жоготуулар менен коштолуп, көптөгөн бабаларыбыз мекенине кайтпай калган. Согуш талаасында миллиондогон эр жүрөк аскерлер набыт болуп, оорукта да оор турмуш өкүм сүргөн. Ага карабай күжүрмөндүк менен күрөш жүргүзүп, көп улуттуу өлкөбүз жеңишке жетишкен.

Мекени үчүн өз күчтөрүн аябай душман менен күрөшкөн Кызыл Армиянын катарында кыргызстандык аскерлер арбын болгон. Жалпысынын согушка 360 миңдей жердешибиз катышып, көпчүлүгү көрсөткөн каармандыгы үчүн орден, медалдар менен сыйланышкан. Айрыкча биз Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Даир Асанов, Акун Садырбаев, Исмаилбек Таранчиев, Николай Ананьев, Григорий Конкин, Григорий Шемякин, Иван Москаленко өңдүү баатырларыбыздын эрдигин эч качан унутпайбыз!

Кымбатуу кыргызстандыктар!

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын катары жыл өткөн сайын азайып бара жаткандыгы баарыбызды өкүндүрөт. Бирок, азыркы муун, өзгөчө, жаштар, өспүрүмдөр тарыхты билүүгө, адамзатты фашизмден куткарган баатырларды унутпоого тийишпиз. Биз согуштун кесепетин тарткан бабаларыбыздын мекен үчүн кылган эмгегинин жана кайратман аракетинин арты менен тынчтыкта жашап жатабыз.

Ардактуу ардагерлер!

Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, дөөлөттүү карылык тилеп, дагы бир жолу Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктайм! Күнөстүү Кыргызстаныбызда тынчтык жана ынтымак болсун!»