Коом

“Президент биздин атабыз”. Иш-чара тууралуу маалымат

Күн мурун “Президент биздин атабыз” деген жазуусу бар баннер социалдык тармакка тарап, кызуу талкуу жаратты.

Маалыматка караганда, бул сүрөт Араван районундагы иш-чаралардын биринде илинген.

Facebook социалдык тармагына Эрмек Муратбек уулу билдирүү жазып, коомчулук туура эмес кабылдаганын, чындыгында бул жетим балдарга арналган иш-чара экендигин жазды.

“Бул сүрөт туура эмес түшүнүктөрдү пайда кылып жатат. ” Президент – биздин атабыз”, бул жакында Араван районунун Алля Анаров Айыл Өкмөтү тарабынан уюштурулуучу кайрымдуулук иш -чаранын аталышы. Ал иш чарада 300 жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына Велосипед дагы башка чоң белектер берилет. Туугандар. Биз иш – чаранын аталышына эмес маанилүүгүнө көңүл бурбайлыбы? Сүрөттү эмес иш – чаранын максатын талкуулабайлыбы? Эмнеси жаман? Азыркы күндө бул балдар белек эмес, жөн гана жылуу сөзгө муктаж. Ошондуктан сүрөттөн же аталыштан кынтык издебей, сиздерди да кайрымдуулук иш чараларды уюштурууга жана колдоого чакырам…

PS: Иш чаранын мындай аталышына Зиядин Жамалдиновдун эч кандай тиешеси жок” – деп жазган ал.

Өз кезегинде айрым социалдык тармактын колдонуучулары баннер алмашып, ордуна башка баннер илингенин жазышты.

Возможно, это изображение 9 человек и текст

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button