Бүгүн, 10-майда Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, ЖалалАбад, Баткен облустарынын айрым райондорунда катуу жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +24…+29

Талас облусунда +18…+23

Баткен облусунда +25…+30

Ош, Жалал-Абад облустарында +25…+30

Ысык-Көл облусунда +21…+26

Нарын облусунда +22…+27.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +25…+27 градуска жетет