КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасы менен 2022-жылдын 11-май күнү саат 18:00-19:00 чамасында Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда катуу жааган жаандан улам жүргөн селдин кеспеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.
Селдин кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунун аймактарында бир авто жолдор, ички чарбалык жолдорду сел агызып жараксыз абалга келген. Ошондой эле эгин талааларды, турак жайлардын короолорун сел суулары баскан.
Жерине тиешелүү тармактын кызматтары тарабынан техникалык каражаттар тартылган.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиргендей,  учурда жеринде ӨКМ жарандык коргонуу кызматы ыкчам иш алып барышууда. Берилген маалымат боюнча селден жабыркагандар жок. Жарандык коргонуунун комиссиясы иштеп жатат.
«Кырдаал КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жеке көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.