Коом

ИИМдин Ички аскерлеринде кызмат учурунда каза болгон аскер кызматкерлерин эскеришти

2022-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Ички аскерлеринин Командачылыгында кызмат учурунда каза болгон аскер кызматкерлерин эскерүү боюнча иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага ардагерлер, каза болгон аскер кызматкерлердин жакындары жана Ички аскерлердин Командачылыгынын өздүк курамы катышышты.

Алгач иш-чара Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин Баатырлар аллеясына гүл коюу менен башталды. Андан кийин меймандарга, Ички аскерлердин каза болгон аскер кызматкерлерине арналган видео ролик тартууланды.

«Ички аскерлердин аскер кызматкерлери улуу муундагы агаларыбыздын  элесин жана даңктуу салттарын ыйык сактап, кийинки муунга өткөрүп келишет»-деди өз сөзүндө Ички аскерлердин колбашчысынын МУА полковник Дамир Алыбаев.

Каза болгон аскер кызматкерлерин эскерүү иш-чаралары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин бардык аскер бөлүктөрүндө өткөрүлдү.

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button