Бүгүн, 17-майда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 23…28, Таласта 22…27, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 16…21 градус жылыйт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 25…30 градус ысык болот.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, күндүз 23…25 градус жылыйт.