Сокулук районуна караштуу “Ак-Ордо-3” жаңы конушунун Э.Иманалиев көчөсүн оңдоого 2022-жылдын “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржылануучу курулуш объектилеринин эсебинен 2,5 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери каралган.

Жол “Кыргызжолкурулуш” компаниясы тарабынан жүргүзүлдү. 2,5 чакырымга созулган жолго асфальт төшөө иштери бир ай ичинде аткарылды.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 21-ноябрында президент Садыр Жапаров “Ак-Ордо” конушунун Э.Иманалиев атындагы көчөсүн асфальтоо боюнча тапшырма берген.