21-22-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Жалал-Абад облусунун Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка  ылайык, сел аталган райондун Кашка-Суу, Кара-Суу, Авлетим, Ак-Суу, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндөгү 4 370 метр ички жолду, чарбалык алты көпүрөнү алган.
«Андан тышкары, 29 турак үйдүн короосун суу каптап, бир социалдык объект менен алты турак үйдүн ичине суу кирген», — деп айтылат маалыматта.
Жеринде жарандык коргонуу кызматы жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы иш алып барып жатканы кошумчаланды.