Түштүк Корея кыргызстандыктарды ишке орноштуруу үчүн 5 миң квота бөлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай макулдашуу Социалдык эмгек министрлигинин башчысы Кудайберген Базарбаевдин Түштүк Кореянын Адам ресурстарын өнүктүрүү кызматынын жетекчилиги менен жолугушуусунун жыйынтыгында белгилүү болду.

«Биз Түштүк Корея менен биздин жарандарга 5 миң квота бөлүү боюнча келишимге кол койдук. Сиздин келишиңиз кыргыз элинин Түштүк Корея менен кызматташуусун кеңейтүүгө күчтүү түрткү берет деп эсептейбиз», – деди Базарбаев.

Министр ошондой эле президенттин миграциялык абалды жакшыртуу боюнча жарлыгынын алкагында, быйыл 1000 кыргызстандыкты Улуу Британияга айыл чарба иштерине тартуу боюнча макулдашууларга жетишилгенин, Германия менен Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу боюнча да келишимге кол коюлганын белгиледи.