Кыргызстандыктардын биринчи тобу Улуу Британияга сезондук жумуш үчүн келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Британиянын Стэнстед аэропортунда Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улан Джусупов Улуу Британияга сезондук жумуш үчүн келген кыргызстандыктарды тосуп алды.

Британ тараптан жолугушууга Fruitful Jobs операторунун директору Жастин Дэвид Эмери жана Agri-HR жетекчиси Ян-Виллем Наеребоут катышты.

Маалым болгондой, аталган топ КР Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору менен КР жарандарын ишке орноштуруу менен алектенген британиялык Agri-HR компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында келген.

Элчи Улан Джусупов жарандарга Улуу Британияда жүрүү эрежелери жана өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык визалык режимди сактоо зарылчылыгы тууралуу маалымат берди.

Улан Джусупов элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелер боюнча жардам жана жардам көрсөтүүгө даяр экенине ишендирди.