КР Акыйкатчысынын талабы менен Баткенде журналисттин өлүмү боюнча кармалган блоггердин укугун бузган 17 милиционер жазаланды.

Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жЖурналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча маалымат чыккан күндөн тартып, бул иш Акыйкатчынын көзөмөлүндө.

А. Галымбетованын өлүмү боюнча шектүү катары кармалган блогер Б.Жолболдуева боюнча Акыйкатчы аппараты тарабынан жасалган иш-аракеттер:

1) Б. Жолболдуева Баткен РИИБ убактылуу кармоочу жайына жеткирилип келгенде, Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлү 2022-жылдын 28-мартында Б. Жолболдуевага жолуккан. Б. Жолболдуева милиция кызматкерлери аны билдирме берип чакыртпастан, Раззаков шаарынан Баткен шаарына кармап келип камап койгонун мыйзамсыз деп арыз жазган.

2) Акыйкатчынын Баткендеги өкүлү экинчи ирет 5-апрелде барып жолукканда, УКЖ администрациясына, кармоо шарттарына арыз-дооматы жок экенин билдирген.

3) 2022-жылдын 13-апрелинде Баткен облустук сотунун чечими менен Жалал-Абаддагы №53 ТИЗОго которулган. Акыйкатчынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү эртеси 14-апрелде ага жолукканы барганда, Б. Жолболдуева Баткен РИИБ УКЖнын кызматкерлери тарабынан орой мамилеге, моралдык басымга чыдабай, колунун кан-тамырын кескенин белгилүү болуп, ал Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын жетекчисинин жана кызматкерлеринин иш-аракеттеринде орой мамиле жана коркутуулар болгонун жазган.

4) Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу жайынын кызматкерлерине карата жоопкерчилик чара көрүүнү талап кылып, КР Башкы прокуратурасына расмий кат жөнөткөн.

5) Ал эми Баткен облусунун прокуроруна жазылган катта прокурор сотко бөгөт коюу чарасы боюнча өтүнүч келтиргенде, Б. Жолболдуеванын жашы жете элек эки кичинекей баласы бары, мурда соттолбогону, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун аялдарга карата мамилеси жана эркиндигинен ажыратууга байланышпаган укук бузган аялдарга карата жаза чаралары жөнүндөгү Бангкок эрежелери сакталбаганды көрсөтүлүп, бул талаптарды бөгөт чараны кароодо эске алууну талап кылынган.

6) Бул талап эске алынган эмес. Башкы прокуратура бизге берген жоопто негиздеме белгиленген эместигин баса белгилейбиз.

7) Акыйкатчы Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу жайынын кызматкерлерине карата жоопкерчилик чара көрүү талабы боюнча Баткен районунун прокуратурасы тарабынан мыйзам бузуучулукту жоюу жөнүндө Баткен ОИИБнын башчысынын наамына сунуш келтирилген. Баткен ОИИБнын ички иликтөө бөлүмү тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында Баткен РИИБнин 11 кызматкерине сөгүш, 5 кызматкерине “катуу сөгүш”, ал эми Баткен РИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайынын жетекчиликке алуу боюнча орун басарына “ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу” тартиптик чара колдонулган.

Эскерте кетсек, 25-мартта 37 жаштагы Арзыгүл Галымбетова Ютубдагы “Батма-бат” каналынын блогери анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирип, ал тууралуу жалган маалымат таратып жатканын айтып, милицияга арыз жазган. Бул факт милицияда каттоого алынган.

Ошол эле күнү арыз ээси ооруп, аймактык оорукананын неврология бөлүмүнө жаткырылган, анын абалы начарлап, түн ичинде каза болгон.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин («Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү») негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү 33 жаштагы блогер милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.