Коом
Нур-Султан-Бишкек арзан авиакаттам ачылат
23-июндан тарта казакстандык лоукостер FlyArystan авиакомпаниясы Нур-Султан — Бишкек жаңы каттамын ачат. Бул тууралуу авиакомпаниянын сайтына жазылды.
Рейстер жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү –Airbus A320 учактары менен аткарылат.
Билеттер агрегаторлордо, тиркемеде жана авиакомпаниянын расмий сайтында сатылууда. Баасы 14 900 тенгеден (болжол. 3000 сом. ред ) башталат.
«Казакстанга кайтып келе жатып, «Манас» аэропортуна учуп кетүүгө 3-4 саат калганда келүүнү суранабыз, анткени ал жерде учурда бир гана өткөрүү пункту иштеп жатат», — деп эскертет авиакомпания.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-майынан тарта Кыргызстанга кирүү үчүн ПЦР тести же эмдөө паспорту талап кылынбайт.