Ош облусунун Өзгөн районунда 17 жаштагы өспүрүмдүн жансыз
денеси табылды. Бул тууралуу  ӨКМдин басма сөз кызматы
кабарлады.

Маалыматка ылайык, 22-май күнү Коргон айылынын тургуну — 17
жаштагы Т.К. Супа жайлоосунда жайылып жүргөн мал жандыктарын кароо үчүн
чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу билдирүү туугандарынан
24-майда саат 01:00 чамасында түшкөн.

«Бүгүн, 24-майда издөө иштерин жүргүзүү үчүн 5 куткаруучу тартылып, Үнкүр айылына барышканда жергиликтүү тургундар тарабынан жоголгон баланын жансыз денеси табылгандыгын билдиришкен. Анын жансыз денеси ата-энесине өткөрүлүп берилди», — деп айтылат билдирүүдө.