Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө өлкөлөрүн маймыл чечеги оорусуна каршы көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды, деп билдирет Рейтер агенттиги.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун улук эпидемиологу Мария Ван Керхове инфекциялар эндемикалык  эмес 20дан ашык өлкөдө аныкталганын айтып, уюм алардын санынын өсүшүн күтөрүн кошумчалады.

«Биз оорунун көбүрөөк учурлары  аныкталышы мүмкүн экенин айтабыз. Биз өлкөлөрдөн көзөмөлдү күчөтүүнү суранып жатабыз. Бул кыйын болот, бирок бул эндемикалык эмес өлкөлөрдө кармалып турган кырдаал», — деди ал.

Маймыл чечеги Африканын Камерун өлкөлөрүндө, Борбордук Африка Республикасында, Конго Демократиялык Республикасында жана Нигерияда эндемикалык. Маймыл чечектин 200гө жакын тастыкталган жана 100дөн ашык шектүү учурлары бул өлкөлөрдөн тышкары жерде табылган.

Дүйнө жүзүнө жайылган бул штамм боюнча өлүмдүн деңгээли болжол менен 1 пайызды түзөт.

Буга чейин Женева университетинин Глобалдык ден соолук институтунун директору Антуан Флао маймыл оорусуна чалдыккандардын көбөйүшү эпидемиянын башталышынан кабар бериши мүмкүн деп билдирген.