Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) катышуучу өлкөлөрүнүн лидерлеринин катышуусунда видеоконференция форматында ЖЕЭК жыйыны өтүүүдө.

Анда Кыргызстандын президенти сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө биримдиктин алдында жаңы милдеттер турарын белгилеп кетти.

 

“Биз өзүбүзгө жана бүткүл дүйнөгө биздин интеграция жасалма тоскоолдуктарга карабастан, анын туруктуу прогрессивдүү өнүгүүсүн уланта аларын жана улантууга тийиш экендигин далилдешибиз керек. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү катары биримдиктин ичиндеги мамилелер, бүткүл интеграциялык бирикменин да, анын айрым мүчөлөрүнүн да өнүгүүсү бири-бирин толуктап турганын түшүнөт. Өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн терс кесепеттерге алып келген учурдагы глобалдык жана аймактык чакырыктардын шартында биздин бардык аракеттерибиз ушундай кырдаалдарда бири-бирибизди колдоого жана жардам берүүгө багытталышы керек”, — деди Жапаров.

Аны менен катар Жапаров беш сунушун айтты:

1.Ички рыноктун тоскоолдуксуз иштешин камсыз кылуу;

2.Кызмат көрсөтүү рыногун либералдаштыруу боюнча ишти күчөтүү;

3.Жалпы каржы рыногун калыптандырууну аяктоо боюнча иштерди тездетүү;

4.Экономиканын бардык тармактарында импорттук продукцияга көз карандылыкты азайтуу үчүн кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу менен өндүрүштү локалдаштырууну тезирээк баштоо керек;

5.Транспорттук-логистикалык инфраструктураларды биргелешип өнүктүрүү зарыл.

“Биз Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин 2022-2023-жылдарга макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарында айтылган корутундуларды жана сунуштарды толугу менен колдойбуз. Бул сунуштар экономиканын реалдуу секторуна инвестицияларды көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, макроэкономикалык жана финансылык туруктуулукту жана тышкы чакырыктарга жана тобокелдиктерге каршы турууга, илимий-техникалык жана өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүүгө, ошондой эле товарларды жылдырууга багытталганын белгилегим келет. Үчүнчү өлкөлөргө экспорт учурдагы татаал тышкы шарттарда бир гана ченемдик укуктук жөнгө салуу жана фискалдык колдоо жана дем берүү инструменттерин гана колдонуу менен жетишүү мүмкүн эмес”, — дейт мамлекет башчы.

Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын 6 жана 7-бөлүмдөрүн ишке ашырууга көңүл буруу маанилүү экенине токтолду.

“2025-жылга карата кызматташтыкты реалдуу өнүктүрүү үчүн аны финансылык жактан стимулдаштыруу, иштеп жаткан финансы институттарынын иштөө принциптерин өзгөртүү, аларга өнүктүрүү институттарынын элементтерин киргизүү, өнүктүрүүнү долбоорлоо жана экономикаларды колдоо структураларын ишке киргизүү. Мындай мамиле биз кабыл алган чечимдерди иш жүзүнө эффективдүү ашырууга жол ачат деп ишенебиз”, — деп белгиледи президент.