Санкцияларга ылайык, ЕАЭБ үчүнчү өлкөлөр менен кызматташууну өнүктүрүүгө тийиш, деп билдирди Беларус мамлекетинин башчысы Александр Лукашенко  Евразиялык экономикалык биримдиктин саммитинде сүйлөп жатып.

«Биз өзүбүздү жаппашыбыз керек. Дүйнөдө биз менен тең укуктуу мамилелерди өнүктүрүүгө даяр мамлекеттер жетиштүү. Египет, Иран, Индонезия, Бириккен Араб Эмираттары менен соода келишимдерин түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Кытай менен соода-экономикалык кызматташуу боюнча келишимдин мааниси чоң. Инвестицияларды тартууга жана өз ара сооданы көбөйтүүгө пайдаланыш керек”, — деди Беларусь президенти.

Анын айтымында, Өзбекстан менен бир катар долбоорлорду талкуулоо өзгөчө мааниге ээ. Беларус лидери биримдиктин өлкөлөрүнө каршы санкциялык басым ого бетер күчөп жатканын, киргизилген чектөөлөрдүн кесепеттери бардыгына таасир эткенин айтты.

«Ошондуктан, биз карап отура албайбыз. Биз жөн гана биригип, бирдиктүү фронт катары иш алып барышыбыз керек. Албетте, бул бардыгына керек жана мамлекеттүүлүгүбүздү, биримдигибизди сактайлы десек, элдердин жыргалчылыгын ойлосок», — деп түшүндүрдү ал.

Лукашенко санкцияларга кабылган биримдик өлкөлөрүн логистиканы реформалоо боюнча чукул чараларды көрүүгө чакырды. Буга байланыштуу комиссиянын айыл чарба продукциясын темир жол аркылуу, анын ичинде Кытай менен үзгүлтүксүз жеткирүүгө жардам бере турган Евразия Агроэкспресс долбоорун ишке ашыруу демилгеси чоң кызыгууну жаратууда.

«ЕАЭБ азык-түлүк коопсуздугу маселелеринде жакшы позицияда турат, бирок дүйнөдө күтүлүп жаткан шашылыш суроо-талап менен биздин өлкөлөрдө азык-түлүк тартыштыгын болтурбоо үчүн тыгыз координация керек. Ал эми КМШнын калган өлкөлөрүн бул көйгөйдү чечүү үчүн тартуу керек», — деп кошумчалады Беларусь президенти.