Бүгүн, 30-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт.
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында күндүз 18…23, Нарында 10…15, Ысык-Көлдө 13…18 градус болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 23…28 градус жылуу болот.
Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт, абанын температурасы күндүз 19…21 градус жылуу болот.