Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «мамлекетке чыккынчылык кылды» деген айып менен кармалып, сотто сурак берип жаткан саясат таануучу Марат Казакпаевдин абалы боюнча билдирүү таратты.

Алардын айтымында, Марат Казакпаев тергөө абагына камалгандан тарта УКМКнын аскердик дарыгерлеринин текшерүүсүнөн үзгүлтүксүз өтүп, тиешелүү дарыларды алып келген. 2022-жылдын 19-апрелинде Казакбаев көзүнүн көрүүсү начарлап кеткенин айткан. Ага байланыштуу көз дарыгер УЗИге тартып көрүп, «оң көздүн жарым-жартылай гемофтальмы, эки көзүнүн жогорку миопиясы» деген диагноз койгон.

Мындан улам ошол эле күнү ал Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургиясына «жаңы толук гемофтальм, жогорку миопия, хориоретиналдык дистрофия» диагнозу менен жаткырылып, 19-майга чейин ооруканада дарыланган. 16-майда ОФТАМЕД жеке клиникасында сол көзүнө лазердик торчо коюлган.

Айтылган учурда ушул эле оорукананын кардиологуна көрүнүп, дарыгер «III даражадагы гипертония оорусу, мээ тамырларынын атеросклерозу» деген диагноз коюп, М. Миррахимов атындагы кардиология борборунан дарыланууну сунуштаган.

Марат Казакпаев 25-майда аталган ооруканадан текшерүүдөн өтүп, жазып берген дарыларын алып жаткан. Бирок, бүгүн, 9-июнда эртең менен ден соолугу кескин начарлап, «Тез жардам» аркылуу Бишкек шаарындагы №1 клиникалык ооруканага жеткирилген.

Марат Казакпаевдин инсульт алып, ооруканага түшүп калганын алгач жактоочусу Икрамидин Айткулов бир катар маалымат каражаттарына кабарлаган.

Саясат таануучу Марат Казакпаев 2021-жылдын 14-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренеси (мамлекетке чыккынчылык кылуу) менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. 2022-жылдын 9-мартында сотко чейинки тергөө аяктап, ишти кароону Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп беришкен.

Марат Казакпаев камакка алынардын алдында aryba.kg сайтына «Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт» деген маек берген. Анын камалышына ушул макала себеп болушу мүмкүн экенин айткандар да бар.