Орус тили жана адабияты мугалими Мира Сагынбаева Монголиянын биринчи даражадагы мугалими төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Бул төш белги Монгол балдарына билим берүүдөгү күжүрмөн эмгеги үчүн тапшырылды.
«Мира Сагынбаева Монголиянын Улан-Батор шаарындагы мектептердин биринде орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштеп келди. Ал жакка атайын чакыруунун негизинде эки жылдык келишим менен барган», — деп айтылат маалыматта.