Москвада туугандары тарабынан сабалган 11 жаштагы кыз социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өзгөн райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн адистери Москвада жакындары тарабынан ырайымсыз мамилеге кабылып, кайтып келген кызды жеке коргоо боюнча иш планын түзүштү.

Бул план Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиянын социалдык кызматкерлердин катышуусунда өткөн жыйынында талкууланды. Кыздын ата-энеси менен баланы тарбиялоодо алардын милдеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Учурда баланын психикалык жана физикалык абалы туруктуу, кыз социалдык кызматкерлердин такай көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, буга чейин Москва шаарынан 11 жаштагы кыргызстандык кыз туугандары тарабынан сабалганы маалым болгон. Кийинчерээк кыздын ата-энеси акча табуу үчүн аны Москвага жөнөткөнү айтылган.