Бүгүн, 15-июндан тартып өлкөнүн 120 мектебинде ысык тамак уюштуруу боюнча жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуучулар менен бир катар багыттагы жолугушуулар башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

post.title

Жолугушуулар Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында “Билим берүү жана мектеп тамак-ашы үчүн азык-түлүк” ураанынын алдында өтөт.

«Иш-чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгын башкы адиси Бакыт Рысбеков, Мерсико (Mercy Corps) эл аралык коммерциялык эмес уюмунун директору Елена Бурьян, Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин, айыл өкмөттөрдүн жана шаар мэрияларынын өкүлдөрү, мектеп директорлору катышууда», — деп атйылат маалыматта.

Жолугушуунун программасында мектеп ашканасын даярдоо иштери, коммуникацияларды жүргүзүү, ашкана жабдуулары менен камсыздоо, ашпозчуларды даярдоо, сапаттуу азык-түлүк жеткирүү ж.б. ар кандай тараптардын өз компетенциялары боюнча милдеттерди чечүү жана милдеттенмелерди кабыл алуу каралган.

“Республика боюнча 1735 мектеп ысык тамак-аш программасына кирген. Быйыл дагы 410 мектепти тандап алдык. Негизги талап ашкананын оңдолуп түзөлгөнү жана анда суунун болушу. Ансыз ысык тамакты киргизе албайбыз. Анткени эң негизгиси санитардык талаптар”, – деп билдирди Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Ал эми Мерсико (Mercy Corps) эл аралык коммерциялык эмес уюмунун директору Елена Бурьян алдыдагы 5 жылда (2021-2026-жылдары) кошумча 400 мектеп эмгек жамаатын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган ар тараптуу колдоо аларын айтты.

“Билим берүү жана илим министрлиги менен көп жылдан бери тыгыз кызматташып, мектептерди ысык тамак-аш менен камсыздоого колдоо көрсөтүп келебиз. Аларды тандоодогу негизги критерий ал мектептерде ысык тамак менен камсыздоонун жоктугу”, — деди Елена Бурьян.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Мерсико (Mercy Corps) эл аралык коммерциялык эмес уюмунун техникалык колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулууда.

Маалымат үчүн:

Мерсико (Mercy Corps) эл аралык коммерциялык эмес уюму 25 жылдан ашык убакыттын ичинде Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде азык түлүктүк жана техникалык колдоо көргөзүп келе жатат. 2012-жылдан тартып Мерсик АКШнын Айыл-чарба департаментинин (USDA) МакГоверн-Доул “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасынын аткаруучу өнөктөшү болуп келет.