Ички иштер министри Улан Ниязбековдун талаптырынын бири болгон элдин жашоо-шартына терс таасирин тийгизген кылмыштардын, анын ичинде уурулук, мал уурулук сыяктуу кылмыштардын алдын алуу, бетин ачуу жана бөгөт коюу максатында учурда Кемин районунун аймагында бир катар иштер аткарылууда.

Кемин райондук милициясынын начальниги Эрлан Исмаиловдун тапшырмасы менен милиция кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, малдарын кароосуз калтырбоо, түнчүндө талааларга таштабоо жана сактык эрежелерин сактап, короолорунун эшиктерин бекемдөө керектигин эскертишүүдө. Андан сырткары, жайлоого милициянын көчмө кабылдамасы менен барышкан тартип сакчылары жазында жайлоого чыгып кеткен жарандар менен дагы жолугушуп, узак убакытка малды тоого таштап кетпөө, өз убагында көзөмөлдөп туруу керектигин айтышты.

Эң башкысы мал уурулугу катталган учурда убакытты текке кетирип, өз алдынча издебестен, тез ара милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө же жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылуу керектигин айтышты.

Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен тыгыз жана ишенимдүү кызматташуу аркылуу жарандар менен ар дайым жолугушууларды өткөрүшүп, өлкө аймагындагы маанилүү окуялар боюнча толук кандуу маалыматтарды беришип, калктын көйгөйлөрүн жеринен чечүүгө көмөктөшүп турушат.

ИИМдин Басма сөз кызматы