Коом
ӨКМ: Ош – Баткен – Раззаков жолу бир тараптуу ачык
Ош – Баткен – Раззаков жолу бир тараптуу ачык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-июнда кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандан улам саат 13:40дар чамасында Лейлек районунун Коргон айылындагы Ош – Баткен –Раззаков жолунун 320-325 чакырым аралыгына сел суулары түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.
«Саат 14:50дө ыкчам топ менен кошо Жол тейлөө ишканасынан 2 хово, 2 жүктөгүч жана 1 грейдер техникасы тартылып, саат 16:00дө Ош – Баткен – Раззаков жолу бир тараптуу ачылды», — деп айтылат маалыматта.