Мектеп окуучуларын бирдей форма кийүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору сунушталып, коомдук талкууга коюлду.

Демилгени Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исатбек кызы, Гүлшаркан Култаева, Лейла Лурова жана Гуля Кожокулова иштеп чыккан.

Авторлордун айтымында, мектеп формасын киргизүү жөнүндө көп кайрылуулар келип түшкөн. Мыйзамдын өзүндө окуучулар мектеп формасын милдеттүү түрдө кийүүсү жөнүндө ченем жок экендигин белгилеп кетүү керек. Бул окуучулардын сырткы көрүнүшүнө карата талаптын жоктугуна алып келет.

“Бул мыйзам долбоору кабыл алынган учурда мектепте социалдык теңсиздикти жоюуга жардам берет. Балдардын бардыгы бирдей форма менен жүргөндүктөн кедей үй-бүлөнүн балдары басымга кабылбайт. Эки же андан ашык балалуу үй-бүлөлөр үчүн бир окуу жылында кийимге короткон каражатты бир топ үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Мектеп формасы балдардын көңүлүн окуу процессине багыттап, тартипке чакырат. Ошондой эле окуучулардын бир командада ынтымактуу жүрүшүнө өбөлгө болот”, — деп жазылат долбоордун негиздемесинде.

Милдеттүү түрдө кийүүгө негиз болгон мектеп формасынын үлгүсү Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталат.

Демилгечилер мындай талаптар Сингапурда, Японияда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Кытайда, Өзбекстанда, Тажикстанда жана Казакстанда бар экенин кошумчалаган.