Коом

Турсунбай Бакир уулу: «Бүтүн Кыргызстан» башпанек сурап Орусияга көчүп кетишсин

Саясатчы Турсунбай Бакир уулу Бүтүн Кыргызстан партиясынын акыркы чуулгандуу кайрылуусу боюнча оюн билдирип, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы башпанек сурап Орусияга көчүп кетишсин деген пикирин айтты.

— Бүтүн Кыргызстан партиясын Орусия башынан эле колдоп жүргөнү — бардыгыбызга маалым. Жада калса Орусия өзүнүн телеканалдарынан аны сайратып, кыргыз мигранттар менен жолугушууларына жашыл светофор ачып бергени — жок жерден эмес. Мына эми “бизди өзүңө кошуп алчы!” деп Путинге кайрылганы ырас болсо, анда партиясын “Пүтүн” же андан жакшы — “Путин Кыргызстан” деп жарыялап алышсын жана “УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев биздин колубузду сындырам деп жатат, камаймын деп жатат!” деп бардыгы саясий башпанек сурап Орусияга көчүп кетишсин! Кыргызстандын көз карандысыздыгына, эгемендүүлүгүнө чыккынчылык кылып каршы чыккан кыргыз аттуулар максатына жетип “орус” болобуз дешсе, мейли, Орусияга көчүп кетишсе эч ким кайгырбайт”, — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button