Кыргызстанда жаш өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштуулуктун саны өсүүдө. Жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалып жаткан кылмыштуулуктун көбөйүшүнүн бирден бир себеби түнкү маалда улуулардын коштоосу жок көчөлөрдө кароосуз жүргөнү.

Ошондуктан Ички иштер министрлиги ата-энелерге кайрылат. Балаңыздарга кең келечек кааласаңыз, жакын досуна айланып, ишенимдүү тиреги болуп бериңиздер. Алар сиздердин мээримиңиздер менен колдооңуздарга гана муктаж. Бирге балдарыбыздын коопсуздугун камсыздап, бактылуу балалыкты тартуулап, татыктуу таалим-тарбия берели.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы маалымдайт: жаш өспүрүмдөргө карата 2022-жылдын 3 ай ичинде 713 кылмыш жасалган.
Ал эми, өспүрүмдөр тарабынан 2022-жылдын 3 ай ичинде 321 кылмыш жасалып, бардыгынын бети ачылган.

Урматтуу ата-энелер, балдарыңыздардын жаркын келечегине салымыңыздарды кошуңуздар. Балдарга болгон камкордук-жаркын келечекке кошкон салым!

ИИМдин Басма сөз кызматы